Франция, Германия жана Улуу Британия Газа боюнча билдирүү жарыялашты

Газа сектору.

Франция, Германия жана Улуу Британия лидерлери бүгүн 12-августта биргелешкен билдирүү жарыялап, Газадагы атышууну токтотуу, ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) барымтада кармап тургандарды бошотуу жана секторго гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыз кылуу тууралуу чакырыктарга кошуларын билдиришти.

Биргелешкен билдирүүсүндө алар Израил менен ХАМАСтын он айдан бери уланып келе жаткан согушун токтотуу тууралуу келишимге жетишүү үчүн АКШ, Катар жана Египет көрүп жаткан ортомчулук аракеттерди колдой турганын белгилешти. Иранды жана анын союздаштарын аймактагы кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө үндөп, Газадагы атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө мындан ары токтоо болбошу керек экенин айтышты.

“Согуш азыр бүтүшү керек жана ХАМАС дагы эле барымтада кармап тургандардын баары бошотулушу керек”, - деп айтылды Франциянын президенти Эммануэл Макрондун, Германиянын канцлери Олаф Шольцтун жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин биргелешкен билдирүүсүндө.

Жекшемби күнү ХАМАС америкалык, катардык жана египеттик ортомчуларды кошумча сүйлөшүү деп отурбастан, атышууну токтото туруу тууралуу АКШ президенти Жо Байден сунуш кылган планды ишке ашырууга чакырган.

Өткөн жума күнү, AFP маалымат агенттиги билдиргендей, Газа секторунун түндүгүндө Израилдин кезектеги соккусунан кеминде 93 кишинин өмүрү кыйылган.

Жекшемби күнү Израил Газанын түштүк тилкесиндеги Хан-Юнис шаарынын тургундарын сектордун башка аймактарына кетүүгө үндөп, ал жакта жашынып жаткан ХАМАС согушкерлерин жок кылуу операциясын улантарын билдирди. Жапырт эвакуация тууралуу эскертүүдөн кийин он миңдеген палестин тургуну соккулардан жашынып, башка шаарларга жөнөштү.

«Биз күн сайын улам бир жакка качып барып, жашынып жашап келе жатабыз. Бул жерге келгенибизге он күндөй эле болгон. Эми кайра кеткиле деп жатышат. Айлабыз кетти, каякка барарыбызды да билбей калдык. Бир гана тилегибиз - согуш тезирээк бүтсө экен. Андан башка эч несе деле кереги жок болуп калды", - деди өзүн Али деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Андан бери Изарил армиясынын Газадагы соккуларынан каза тапкандар 39 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси айтууда.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча оң жыйынтык чыга элек.

10-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши АКШнын Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуш кылган планын колдогон.

Атышууну токтотуу, барымтадагыларды этап-этабы менен бошотуу жана израилдик аскерлерди сектордон чыгаруу тууралуу жазылган планга “тез арада” жана “эч кандай кошумча шарт койбостон” макул болууга Израилди да, ХАМАСты да чакырган резолюцияны Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 14ү колдогон.

Планды май айынын соңунда АКШ президенти Жо Байден сунуш кылган. Биринчи этабында Израилдин абактарында отурган палестиндерди жана ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктерди айырбаштоо, ок атышууну убактылуу токтотуу каралган. Экинчи этабында барымтадагылардын баарын бошотуу, атышууну толук токтотуу жана Газадан Израилдин бардык аскерлерин чыгарып кетүү сунушталган. Эл эми акыркы этабында секторду калыбына келтирүү боюнча эл аралык планды иштеп чыгуу жана ХАМАСтын колунда барымтада каза болгондордун сөөгүн Израилге өткөрүп берүү каралган.

Израил сунуш кылынган шарттарга принципиалдуу макулдугун билдирген. ХАМАС «резолюциянын кабыл алынышын кубаттай турганын» айткан. (RK)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылдыКыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдүОоганстандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” алдыКөлбаевдердин кайсы мүлкү мамлекетке өттү?