Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Көлбаевдердин кайсы мүлкү мамлекетке өттү?


Мая Алиева менен Нурия Тентешованын конфискация болгон мүлктөрү.
Мая Алиева менен Нурия Тентешованын конфискация болгон мүлктөрү.

8-августта Бишкектин Октябрь райсоту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеваны “Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кесип, шарттуу түрдө жаза чегерди. Алиевага катталган мүлктүн баасы 2,2 млрд. сом экени айтылып жатат.

Иштеги дагы бир айыпталуучу Нурия Тентешова сегиз жылга эркинен ажыратылды. Сот чечими күчүнө киргенден кийин ага издөө жарыяланат. Сотто 1988-жылы туулган Тентешова Алиеванын келини экени айтылды.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары ал Көлбаевдин жарандык никедеги аялы болгонун билдиришти. Анын атына катталып, эми конфискация болгон мүлктүн жалпы наркы 133,5 млн сом экени айтылды.

Райондук сот Алиеванын наамына катталган 13 мүлктү, Тештешованын атындагы 5 мүлктү мамлекеттин эсебине алууга чечим чыгарды. Конфискация болгон мүлктүн арасында Чолпон-Ата шаарындагы Көлбаевдер жашаган үй, “Барс” эс алуу жайы, жылкы кармаган сарай, Бишкектеги бир нече батир дагы бар.

"Азаттык" соттун чечиминде айтылган обьектилердин бир нечесине барып келди.

Көлбаевдин курулушу токтоп калган үйү

Соттун чечими менен мамлекеттин эсебине алынган мүлктүн арасында Байтик айылындагы курулуп бүтө элек турак жай дагы бар. Байтиктин жашоочуларынын көбү бул жерге Көлбаев үй салып жатканын жакшы билишет. Анда иштегендердин бири үй жаңы салына баштаганда Көлбаев өзү келгенин, кийин да каттап турганын айтып берди.

Камчы Көлбаевдин курулушу токтоп калган үйү.
Камчы Көлбаевдин курулушу токтоп калган үйү.

Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги бул жерде эки үй курулуп жаткан экен. Ал жерде иштеп кеткендердин бири эки үй тең Көлбаевге таандык болгонун айтып жатат. Ошол эле учурда "Азаттыктын" булактары эки үйдүн бири Көлбаевдин өкүл атасы делген Азим Рой үчүн салына баштаганын айтып берди. Анын курулушу былтыр 4-октябрда Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин тып токтогон.

Жанаша турган эки үйдүн аянты аябай чоң экени көрүнөт.
Жанаша турган эки үйдүн аянты аябай чоң экени көрүнөт.

Көлбаев үчүн салынып жаткан үйдүн долбоорун эч жерден таба алган жокпуз. Бирок анын пайдубалын карап эле абдан чоң үй экенин түшүнсө болот. Биз сүйлөшкөн адамдар эки үйдүн ар биринин аянты жок эле дегенде 1000 чарчы метрге жетип, жер төлөсүн эсептебегенде эки кабат болуп куруу пландалганын айтып берди. Ошол жерден өзүнчө суу чыгарылып, борбордук канализацияга кошулганын да көрдүк.

Бул жердеги курулуш кримтөбөл Көлбаев өлтүрүлгөндө тып токтогон.
Бул жердеги курулуш кримтөбөл Көлбаев өлтүрүлгөндө тып токтогон.

Курулушу токтоп калган үйлөр 8-августтагы соттун чечими менен мамлекетке алынганы жатат. Эки үйдүн мындан аркы тагдыры кандай болору азырынча белгисиз.

Курулушка "Авангард стилдин" кандай тиешеси бар?

Көлбаев үчүн салынып жаткан үйдүн жанында “Авангард Стиль” курулуш компаниясынын "Салкын-Төр" деген комплекси бар. Компаниянын сайтында андагы үйлөрдүн эң чаканы 372, эң чоңу болсо 532 чарчы метр экени жазылып турат. Көлбаевге таандык делген эки үй "Салкын-Төрдүн" төрүндө жайгашкан.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары, Көлбаев үчүн салынган үйдө иштегендер кримтөбөлдүн үйүн "Авангард стиль" компаниясы курганын айтып беришти. Биз аталган компания Көлбаевдин үйүн кандай шартта сала баштаганын билбейбиз. Бирок кримтөбөл өлтүрүлгөн 2023-жылы УКМК "Салкын-Төрдө" Көлбаевге, анын жакындарына тиешелүү үйлөр болгонун кабарлаган.

Ошол эле жылы 9-октябрда “Авангард стиль” курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Миңкеев камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу) негизинде айыпталган. Минкеев бир айдан кийин туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде тергөө абагынан бошотулган.

"Италия кварталындагы" үч, "Максимумдагы" бир батир

8-августтагы Октябрь райондук сотунун чечими менен конфискацияланган мүлктүн арасында Аалы Токомбаев 23/1 дарегиндеги көп кабаттуу үйдөгү үч батир (67, 68, 68) дагы бар. Номуру катары менен кеткен үч батир тең бир кабатта жайгашкан.

Камчы Көлбаевдин жакындарына катталган үч батир жайгашкан "Италия кварталы".
Камчы Көлбаевдин жакындарына катталган үч батир жайгашкан "Италия кварталы".

Биз аталган дарек менен барып "Италия кварталы" деп аталган турак жай комплексине туш болдук. Мында жашагандардын айрымдары бул жерде Көлбаевге таандык батир болгонун билишет экен. Бирок биз комплекстин ичине кире алган жокпуз. Соттун жүрүшүндө "Италия кварталындагы" үч батирдин жалпы наркы айтылган жок.

Көлбаевдин апасы менен жарандык никедеги жубайына катталган 18 мүлктүн катарында Турусбеков 109/3 дарегиндеги көп кабаттуу үйдөгү унаа токтотуучу жай жана батир дагы бар.

Камчы Көлбаевдин жакындарына катталган батир жана унаа токтотуучу жай жайгашкан үй.
Камчы Көлбаевдин жакындарына катталган батир жана унаа токтотуучу жай жайгашкан үй.

Мамлекеттин эсебине алынган батирлер жайгашкан "Италия кварталын" жана "Максимум" турак жай комплексин Elite House курулуш компаниясы курган. Анын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу) негизинде айыпталып, 2023-жылы 9-октябрда камакка алынган эле. Ал 2024-жылы май айында үй камагына чыккан. Ошондой айрым басылмалар Файзиев мамлекеттин эсебине 3 млн. доллар төккөнүн жазып чыгышкан болчу. Негизи эле Elite House компаниясына Көлбаевдин тиешеси бар экени башынан эле айтылып келген.

Конфискация болгон мүлктөрдүн бири "Ордо" VIP шаарчасында жайгашкан.
Конфискация болгон мүлктөрдүн бири "Ордо" VIP шаарчасында жайгашкан.

Жогоруда саналган мүлктөн тышкары Орто-Сай айылындагы "Ордо" шаарчасындагы үй дагы мамлекеттин эсебине алынды. Анын наркы 97 млн 917 миң сом деп бааланган.

Ушуну менен Көлбаевдин апасы Алиевага жана жарандык никедеги жубайы делген Нурия Тентешовага таандык делип конфискация болгон Бишкектеги жана анын жака белиндеги мүлктүн тизмеси бүтөт. Мамлекетке алынган байлыктын калганы Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Конфискация боло турган мүлктүн арасында Көлбаевдер жашаган үй дагы бар

8-августтагы соттун чечими менен мамлекетке алынган мүлктүн катарында Чолпон-Ата шаарындагы Бөкөнбаев 14 дарегиндеги үй дагы бар. Анда Көлбаевдердин үй-бүлөсү жашайт. Буга чейин кримтөбөлдүн бир туугандары бийликке кайрылуу жолдоп, алар туулуп-өскөн үй дагы конфискация болуп жатканына даттанышкан эле.

Бөкөнбаев 14 дарегинде жайгашкан Көлбаевдердин үйү.
Бөкөнбаев 14 дарегинде жайгашкан Көлбаевдердин үйү.

Аталган үй Чолпон-Ата шаарындагы негизги көчөгө жакын жайгашкан. Бийиктиктен тартылган сүрөттөн ал жерде бир нече курулуш, футбол талаасы, теннис корту, бассейн да бар экенин көрүүгө болот.

Мамлекеттин эсебине Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсүндөгү соода борбор да өтө турган болду. Аталган даректе "Барашек" рестораны да жайгашкан. Буга чейин "Барашек" шаардык китепканага тиешелүү жер тилкеге салынганын журналисттер жазып чыккан эле.

Чолпон-Ата шаарындагы Көлбаевдерге таандык соода борбору
Чолпон-Ата шаарындагы Көлбаевдерге таандык соода борбору

Буга кошумча Чолпон-Атадагы бир нече жер тилкеси да мамлекеттин эсебине алынганы турат. Ошондой эле Бостери айылындагы "Народный" дүкөнү, ушул эле айылдагы аткана жана сарай дагы конфискация боло турганы айтылды.

Көлбаевдердин коктудагы "Барсы"

Чолпон-Ата шаарынын жогору жагындагы коктуга салынган "Барс" эс алуу жайы да Көлбаевге таандык болгон. Жергиликтүү тургундар ал жерди "Көлбаевдин фазендасы" деп атап келишкен. "Барс" кримтөбөлдүн апасы Мая Алиевага таандык болгон. Аталган эс алуу жай дагы мамлекеттин эсебине алына турган болду.

Көлбаевге таандык делген "Барс" эс алуу жайы. Спутниктен тартылган сүрөт.
Көлбаевге таандык делген "Барс" эс алуу жайы. Спутниктен тартылган сүрөт.

Биз бул материалда кримтөбөлдүн апасы Алиева жана сотто Алиеванын келини экени айтылган Тентешованын наамына жазылып, соттун чечими менен конфискацияланган 18 мүлктүн негизгилерин көрсөттүк. Былтыр 4-октябрда Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөндөн кийин УКМК анын байлыгы боюнча маалымат тараткан. Ошондо Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен ээлик кылган активдеринин жалпы наркы 1 млрд доллар деп бааланган.

"Кылмыштуу топтун башчысы К.Асанбектин, анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлкүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлк, атап айтканда, кымбат баалуу обочо үйлөр (особняк), коттеждер, кымбат баалуу клубдук үйлөр, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлери, 60тан ашык люкс үлгүсүндөгү кымбат унаалар, анын ичинде брондолгондору, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар", - деп айтылган атайын кызматтын андагы маалыматында.

Атайын кызмат бул байлык толугу менен мамлекетке өтө турганын жарыялап, кийин алардын бир тобу сатыкка коюлган.

"Кылмыштуу каражатка алынган". Соттогу тараптардын талашы

Буга чейин Камчы Көлбаевдин бир туугандары аларга тиешелүү мүлк боюнча бийликке бир нече жолу кайрылган. Мая Алиеванын адвокаты Бактыбек Жумашев 8-августтагы соттун чечимине макул эместигин, эми Бишкек шаардык сотуна арыздана турганын билдирди.

Бактыбек Жумашев
Бактыбек Жумашев

"Бул өкүм менен макул эмеспиз. Бишкек шаардык сотуна арыз берилет. Жарыш сөздө айтып кеттик. Ушул 13 мүлк кылмыш жолу менен табылганына далил келтирилген эмес. Баласынын кылмышы боюнча көрсөтүлгөн. Бирок апасы баласынан каражат алганы боюнча далил болгон жок. Мындан тышкары териштирүүдө Мая Алиева суралган дагы жок”, - деди адвокат.

Сот отурумдар айыпталуучулар Алиева менен Тентешованын катышуусуз өттү. Алиеванын адвокаттары айыпталуучу ден соолугуна байланыштуу сотко келе албай турганын айтып келишет. Ал эми 1988-жылы туулган Тентешованын кайда экени белгисиз.

Сот процессине катышкан прокурор Сейтек Нарынбаев Алиева менен Тентешованын наамына катталган мүлктөр кылмыштуу жол менен табылган каражатка алынганын жүйө келтирди:

“Айыпталуучулардын адвокаттары кылмыш ишинде көрсөтүлгөн мүлк жарандык келишимдердин негизинде алынганына басым жасап жатышат. Муну эч ким жокко чыгарган жок. Бирок аталган мүлктөр сатылып алынган каражат кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон. Муну күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү далилдеп турат. Мыйзамга ылайык, кылмыштуу жол менен табылган каражатка алынган мүлктөр конфискацияга жатат”.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG