Чолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Селдин кесепетин тазалоо. Чолпон-Ата шаары, Ысык-Көл. 12-август, 2024-жыл.

11-августта жүргөн селдин кесепеттерин жоюу үчүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен маалымдап, режим 13-августка чейин алынышы ыктымалдыгын билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 12-августта аймактагы сел каптаган 60 үйдүн 41и тазаланганын, учурда суу кирген үйлөрдү тактоо иши уланып жатканын маалымдады.

11-август күнү саат 22:20 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Бактуу-Долоноту айылындагы 60тан ашуун үйгө суу кирген. Сел төрт унааны агызган, үч көпүрө бузулган.

ӨКМдин маалыматына караганда, 2024-жылдын алты айында Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетти. Бул аралыкта өлкөнүн бюджети табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Акыркы сел 23-июлда Базар-Коргон районунун Арстанбап кыштагында болуп, суу бир канча үйдүн короосун каптап, автоунааларды агызып, жолду бузду. Июлда Ош шаарындагы сел беш кишини агызып кеткен. (ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” алдыКыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдүЫсык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылдыИшкер Жалил Атамбаев уюшкан топту каржылаган деген айып менен камалдыКөлбаевдердин кайсы мүлкү мамлекетке өттү?