Зеленский Батышты курал колдонууга коюлган чектөөнү алып салууга үндөдү

Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский орус аскерлеринин Киевге жасаган кезектеги кандуу чабуулун айыптап, Батыштагы союздаштарын берген курал-жарагын Орусиянын ичкери аймагына сокку уруу үчүн колдонууга чектөөсүн алууга чакырды.

“Орусиялыктарда мындай куралды колдонууга географиялык чектөө жок - толук масштабдуу согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып биздин мамлекеттин бүт аймагы тынымсыз кол салуу коркунучунда турат. Украиналыктар бизди абадан коргонуу системалары жана согуштук учактар менен камсыз кылган бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазы. Бирок орусиялык террорду чындап токтотуу үчүн биз өнөктөштөрүбүздүн коргонуу аракетибизге коюлган чектөөлөрүн алып салуучу чечимдерине муктажбыз. Украинанын алыска жетүүчү мүмкүнчүлүктөрүндө чек жок болгондо гана бул согуш чектелет – биз анын адилеттүү негизде аякташын жакындатабыз", — деп жазды Зеленский 11-августтун кечинде Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

10-августта Зеленский украин аскерлери Орусиянын аймагына киргени тууралуу айтылып жаткандарды түздөн-түз тастыктабаса да, кыйыр түрдө ырастап, “Бүгүн мен башкы командачы Александр Сырскийден фронт тилкеси, биздин аракеттер жана согушту агрессордун өзүнүн аймагына алып баруу боюнча бир нече баяндама алдым”, - деп билдирген болчу.

Орусия чек арасынан башка өлкөнүн аскерлери өтүп барганын ырастап, Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск аймагындагы абалды федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Жергиликтүү бийлик тургундарды коопсуз жактарга бара турууга чакырууда.

6-августта Курск облусунун кээ бир кыштактарын украиналык аскерлер ээлеп алышканы, бир нече киши каза болгону блогерлердин телеграм-каналдарынан жана жергиликтүү тургундар чөнтөк телефонуна тарткан видеолордон маалым болгон.

10-августта Орусия Курск, Брянск жана Белгород облустарында «террорчулукка каршы чараларды» жарыялаган. (RK)

Дагы караңыз

УКМК казакстандык ишкер Ясынжан Таировго издөө жарыяладыЗапорожье атомдук электр станциясында ири өрт чыктыЫсык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылдыНоокендеги жол кырсыгынан алты адам мүрт кетти