Орусияда соттолуп, кийин айырбашталган америкалык спортчу Олимпиадада алтын алды

Бриттни Грайнер Париж Олимпиадасында.

АКШнын баскетбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Париж Олимпиадасында биринчи орунду алды. Команданын курамындагы 33 жаштагы спортчу Бриттни Грайнер да алтын медал тагынды.

Ал 2022-жылы Орусияда баңгизатты контрабандалык жол менен ташууга күнөөлүү деп табылып, 9 жылга абакка кесилген. Спортчу ошол эле жылы 2012-жылы “колумбиялык козголоңчуларга курал сатуу ишин даярдаган” деген айып менен АКШда 25 жылга кесилген орусиялык Виктор Бутка айырбашталган.

Париж Олимпиадасынын финалында АКШнын баскетболчулары Франциянын командасын 67:66 эсеби менен жеӊди. Муну менен АКШ катары менен сегизинчи ирет Олимпиаданын алтынын утуп алды.

Бриттни Грайнер 2016-жылы Бразилияда жана 2021-жылы Жапонияда өткөн Олимпиада оюндарында АКШнын курамасы менен чемпион болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Запорожье атомдук электр станциясында ири өрт чыктыУКМК казакстандык ишкер Ясынжан Таировго издөө жарыяладыЫсык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылдыТаш-Көмүр шаарында турак жайдан чыккан өрттөн төрт адам каза болдуМосква: "Казак диаспорасынын" башчысы "фейк тараткан" деп айыпталдыИзраил армиясы Хан-Юнистин тургундарына башка жерге көчүүнү эскертти