Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Москва: "Казак диаспорасынын" башчысы "фейк тараткан" деп айыпталды


Полат Жамалов
Полат Жамалов

Москвадагы «Казак диапорасы» коммерциялык эмес уюмунун жетекчиси Полат Жамалов орус армиясы тууралуу «жалган маалымат» тараткан деп айыпталып, баш коргоо чарасы каралды.

Москванын Останкино райондук соту Жамаловго кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоого бөгөт койгону гана айтылып, иштин так чоо-жайы белгисиз.

Тергөө белгилегендей, Жамалов «өз аракеттери менен мыйзам бузуп, коомдук коркунуч жаратканын, Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн жана мамлекеттик бийлигинин кадыр-баркына доо кетиргенин мойнуна алган».

Жамаловго иш козголуп, тергөөдө жүргөнү тууралуу маалымат алгач ушул жылдын башында белгилүү болгон. «Вёрстка» басылмасы Орусиянын Тергөө комитетинин жашыруун баяндамасына таянып, Москвадагы казак диаспорасынын башчысына «армия тууралуу фейк маалымат тараткан» деген айып тагылганын жазып чыккан. Журналисттер иш 2023-жылы сентябрда козголгонун аныкташкан.

Буга Жамаловдун Фейсбукка жазган билдирүүсү түрткү болгон. Ал постуна 2022-жылдын августуна карай Украинада 48 миңден ашуун орус жоокери өлгөнү тууралуу документти чаптап койгон. Ал маалыматты Орусиянын финансы министринин орун басары Ирина Окладникова вице-премьер Дмитрий Григоренкого жиберген болушу ыктымал. «8132 – Атайын операция башталганы ай сайын согушта өлгөндөр… акча санакты жактырат», - деп жазган Жамалов.

Андан тышкары казак диаспорасынын лидери 2022-жылы Казакстандагы Январь окуяларынын маалында орус аскерлеринин өлкөгө киргизилгенин сындап, «оккупация» деп атаган.

2024-жылдын башында Орусиянын Тергөө комитети былтыр орус армиясы тууралуу «фейк» тараткан деп 90 кылмыш иши козголгонун билдирген. Ал эми атайын мыйзам кабыл алынгандан бери 273 иш козголгон. Орусиянын Коргоо министрлиги жана башка мамлекеттик мекемелери тараткан расмий маалыматка каршы келген кандай гана маалымат болбосун «фейк» деп саналат.

XS
SM
MD
LG