Күрөш легендасы: Айсулуунун экинчи Олимпиада медалы

Париж Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медал утту. 

"Парижге келип коло медалга ээ болгонума аябай ыраазы болуп жатам. Алтынга ниет кылганбыз, бирок ден соолукка байланыштуу болду. Бул медал чоң мээнеттин арты менен келди. Кыргызстандыктар Парижге чейин келип колдоп жатат, баарына ыраазымын. Кыргыздын кызы болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам", - деди беттештен кийин күйөрмандарына чыгып жолуккан Айсулуу.
 

Айсулуу монголиялык Орхон Пуревдоржго утулуп жатып, акыркы секунддарда жеңип кетти.Таймаштын биринчи бөлүгүндө алты упай менен монгол балбан кызы алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Айсулуу алгач эки упай, кийин беттештин бүтөрүнө аз калганда төрт упайлык ыкманы жасап, эсепти теңеп, упайлардын сапаты боюнча жеңишке жетти (6:6).

Айсулуу ушуну менен Олимп оюндарында экинчи жолу байге алды. Буга чейин Токио Олимпиадасында күмүш медал уткан.
 
 

Париж Олимпиадасында Тыныбекова төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволени (5:1), чейрек финалда америкалык Кайла Колиин Мираклды жеңди (6:6). Жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого жеңилди (2:9).

 

2019-жылы кыз-келиндер күрөшүнүн Дүйнө чемпиону алтын медал утуп, эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиадалык спорт түрлөрүнөн дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу болгон.

"Чынында эле кыргыз кыздары жөнүндө стереотипти такыр башка жакка буруп, кыргыз кыздары эркин боло аларын, бийик боло аларын, дүйнөнү багындыра аларын көрсөттү. Мисалы, кесип тандоодо аял-эркек деп бөлүшөт. Айсулуу болсо кесиптин аял-эркек деп бөлүнүүсү жок, хоббиңди, өз каалаган нерсени жасай аласың, бийик боло аласың, айылдан чыккан кыз болсоң да, артыңда эч ким жок болсо да баары бир сен дүйнөлүк аренага чыга аласың, максатына жете аласың дегенди көрсөттү. Айсулууга кыргыз кыздарынын атынан рахмат айтам", -деди алып баруучу Назира Айтбекова.

Өз карьерасында Айсулуу 9 жолу Азия чемпионаттарына катышып, алты ирет чемпион болуп, эки жолу күмүш, бир ирет коло медал утту. Азырынча Кыргызстанда алты жолу Азиянын чемпиону болгон спортчу - жалгыз Айсулуу.