Жалал-Абад шаарында тез татым жайы толугу менен өрттөнүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад шаарында борбордук Байзаков көчөсүндө жайгашкан "Сушистан" тез татым жайы толу менен өрттөнүп кеткенин билдирди. Ага ылайык, кырсык тууралуу 10-августта эртең мененки саат 10.20да маалымат келип түшкөн жана өрт толугу менен саат 11.15те өчүрүлгөн.

"Тактоонун жүрүшүндө тинике менен жабылган 105 чарчы метр жеңил курулма менен салынган тез татым жайы толугу менен күйгөнү аныкталды. Өрттүн чыккан себеби такталып жатат, кошумча маалымат берилет", -деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Жалал-Абад шаарында 13-июлда эртең менен суусундук сатылган күркөдөгү кычкылтек баллону жарылып бир адам мерт болуп, дагы төрт адам жараат алган. Бул кырсыктан кийин газ баллондор орнотулган коомдук жана соода жайларын текшерүү күчөтүлгөнү кабарланган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр жалпысынан 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон, дагы 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоонун зыяны 1,5 миллиард сомго жакын деп эсептелген.

Дагы караңыз

Газадагы чабуулда 100дөн ашык адам мерт болуп, ондогон киши жараат алды Бразилияда жүргүнчү учак кыйрап, 61 адам набыт болду Талас облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталдыПариж-2024: Иман Хелиф Олимп оюндарынын чемпиону болду Курск, Брянск жана Белгороддо “контртеррористтик операция” режими киргизилдиИранда бир күндө 29 адам дарга асылды Бишкек: катуу шамалда ондогон бак кыйрап, көп кабаттуу үйлөрдүн чатыры сынды