Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Париж-2024: Иман Хелиф Олимп оюндарынын чемпиону болду


Иман Хелиф.
Иман Хелиф.

Париждеги Олимп оюндарынын 14-күнүндө алжирлик боксер айым Иман Хелиф чемпион болду. Ал чечүүчү таймашта атаандашы кытайлык Янг Люну 5:0 эсебинде жеңип алды.

“Мен бактылуумун, сегиз жылдан берки Олимпиаданын чемпиону болуу кыялым ишке ашты, алтын медалдын ээси болдум”, - деди Хелиф мелдештен кийин.

Иман Хелифтин айланасындагы ызы-чуу 1-августта италиялык атаандашы Анжела Карини менен беттешкенден кийин тутанган. Италиялык мушкер 46 секунддан кийин эле атаандашын "катуу урат экен" деп, анын соккуларына чыдабай, рингди таштап, жеңүүчүгө кол бербей койгон.

Ошондон кийин Хелиф тууралуу “ал жынысын өзгөрткөн” деген мазмундагы сөздөр көп айтылып, аны мелдештен четтетүүнү талап кылгандар болгон.

Эл аралык Олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Марк Адамс спортчу “кыз болуп төрөлгөн, жынысы ошондой катталган, өмүр бою аял катары жашаган, кыз-келиндер арасында бокс менен машыккан, паспортунда “аял” деп жазылган. Ал трансгендер эмес”, - деп билдирген.

Көп узабай Карини айткан сөздөрү үчүн кечирим сурап, Олимпиадага арткан үмүтү акталбай калганына ичи ачышканын билдирген.

XS
SM
MD
LG