Газадагы чабуулда 100дөн ашык адам мерт болуп, ондогон киши жараат алды

Газада Израилдин аба соккусунан 100дөн ашык адам мерт болуп, дагы ондогон киши жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги аймакта ХАМАС тобу (АКШда жана Израилде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн бийликке таянып кабарлады.

Израил Газада мектеп бутага алынганын ырастады жана бул жайда ХАМАСтын командалык борбору жайгашканын билдирди. Тель-Авив качкындардын өлүмү үчүн жоопкерчиликти аталган топко жүктөп, мектептерди жана турак жай кварталдарын өзүнүн базасы катары пайдаланып жатканына күнөөлөдү.

Associated Press агенттиги бул чабуул башталгандан берки эң кандуу сокку болуп калганын белгиледи. Мектепти үй-жайын таштай качкан палестиналыктар башкалкалап жаткан Күбөлөрдүн ырасташынча, чабуул күтүүсүз, эскертүүсүз, таңга маал, күн чыгар алдында, качкындар таңкы намазга чогулган учурда жасалган.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Газа боюнча эл аралык уюмдар сектордо жайкын тургундар үчүн коопсуз жер калбай калганын белгилеп келет.

Газадагы согуш "хамасчылардын" 7-октябрда Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алгандан кийин башталган.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы тогуз айдан бери анклавда кеминде 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын билдирген.

Дагы караңыз

Бразилияда жүргүнчү учак кыйрап, 61 адам набыт болду Талас облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталдыПариж-2024: Иман Хелиф Олимп оюндарынын чемпиону болду Курск, Брянск жана Белгороддо “контртеррористтик операция” режими киргизилдиИранда бир күндө 29 адам дарга асылды Бишкек: катуу шамалда ондогон бак кыйрап, көп кабаттуу үйлөрдүн чатыры сынды