Зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Маалымат 8-августта президенттин сайтына жарыяланды.

Өзгөртүү киргизилген мыйзамда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо жагы күчөтүлгөн. Ошондой эле кылмыштуу зомбулуктан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн, жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо каралат.

Мындан тышкары зомбулукка байланыштуу кылмыш ишин жана сотко чейинки өндүрүштү алып барган укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максат кылынган.

Буга байланыштуу өзгөртүүлөр Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Жаза аткаруу кодексине, Турак жай кодексине, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына, “Пробация жөнүндө” мыйзамына, “Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамына киргизилген.

"Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо" тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш 26-июнда кабыл алган.

Аны кароо учурунда айрым депутаттар мыйзам долбооруна кыргыздын каада-салтына туура келбеген кошумчалар киргизилген деген жүйө менен колдоодон баш тартышкан.

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга жасалган үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилди. 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган.

Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп. (ZKo)

Дагы караңыз

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшанда 30дай киши кармалганын ырастадыМилиция Баткенде жергиликтүү тургунду экстремизмди жайылтууга шектүү катары кармады Орусиянын Курск аймагында абал курчудуPolitico: Иран Израилге сокку уруудан баш тартышы мүмкүнПариж-2024: Амантур Исмаилов жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөтТоктогулда суунун көлөмү 12 млрд метр кубдан ашты