Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Politico: Иран Израилге сокку уруудан баш тартышы мүмкүн


ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын Тегерандын көчөсүндө илинген сүрөтү.
ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын Тегерандын көчөсүндө илинген сүрөтү.

Ирандын бийлиги Тегеранда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган) уюмунун саясий лидери Исмаил Ханиянын өлүмү үчүн Израилден өч алуу максатында жапырт чабуул коюу тууралуу пландарынан баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Politico басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, Тегеран тиешелүү чечим кабыл алып, азырынча сокку урбайт. Америкалык расмий адамдар Иран Вашингтондун кырдаалды чыңалтпоо тууралуу чакырыктарына кулак саларына ишенишет. Буга чейин Кошмо Штаттар дипломатиялык каналдар аркылуу Ирандын чабуулу аймактагы кырдаалды курчутуп, Тель-Авив менен Тегерандын ортосунда түз конфронтация тобокелчилигин жаратарын эскерткен.

Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда өлтүрүлгөн. Ал жакка Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына барган. Иран кол салууну Израилден көргөн. Израил тарап бул үчүн жоопкерчиликти моюнга алган эмес.

Быйыл апрель айында да Израил менен Иран аз жерден согушуп кете жаздаган. Буга Израилдин Тегерандын Дамаскидеги консулдугуна сокку урушу түрткү болгон. Анда Иран бийлиги өч алуу максатында Израилдин аймагына 300дөй ракета, учкучсуз аппарат менен абадан чабуул койгон.

Британия, АКШ, Иорданиянын абадан коргонуу системалары Израилдин аймагын аба чабуулдан коргоп калган.

XS
SM
MD
LG