Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Париж-2024: Амантур Исмаилов жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөт


Амантур Исмаилов.
Амантур Исмаилов.

Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште сербиялык Мате Немешти 8:0 эсебинде утуп алды.

Эми Амантур коло медал үчүн азери балбаны Хасрат Жафаров менен беттешет. Коло медал үчүн жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.

Амантур Исмаилов грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан. Чейрек финалда Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, Европа чемпионатында эки жолку коло байге уткан украиналык Парвиз Насибовго бир упай айырмасы (6:7) менен жеңилген. Насибов финалга чыккандыктан, күрөш эрежесине ылайык Исмаилов эми көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Амантур Исмаилов 26 жашта. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2022), Азия оюндарында 3-орунду (2018) ээлеген, Азия чемпионатында коло медалды тагынган (2021), 23 жашка чейинкилер арасында да Азия чемпионатында коло байге уткан (2019). Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш медалынын ээси (2021), Польшада өткөн Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешининин жеңүүчүсү (2024).

Амантур Исмаилов: “Күрөш менин жашоом”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Коло байгелерди грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков утушту. Бир күмүш, үч коло медалы менен Кыргызстан 71 өлкөнүн арасынан 58-орунда баратат.

Бүгүн эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу да мелдешке чыгат.

Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстан мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет. Оюндар 12-августка чейин уланат. Алдыда балбандар, Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова мелдештерге катышат. (GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG