Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Токтогулда суунун көлөмү 12 млрд метр кубдан ашты


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

8-августка карата Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү 12,096 млрд метр куб болду. "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын маалыматында, бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 739 метр куб, агып чыккан суу 478 метр кубду түзүүдө.

Эки ай мурда, 8-июнда суу сактагычта 10,067 млрд метр куб суу болчу. Ал эми былтыр ушул күнү суу чөйчөктө 11,054 млрд метр куб суу болгон.

Энергетика министрлиги быйыл жайкысын да керектөө чектен ашып, сууну иштетүү күч алганын белгилөөдө.

Министр Таалайбек Ибраев 2-августтагы маалымат жыйында учурда бир сутка ичинде электр энергиясын колдонуу көлөмү саатына 40 миллион киловаттка жетип жатканын айткан. Ал элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, кышка сактоо зарылчылыгын эскерткен.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят. (ZKo)

XS
SM
MD
LG