Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Милиция Баткенде жергиликтүү тургунду экстремизмди жайылтууга шектүү катары кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, 30 жаштагы тургун экстремисттик деп табылып, тыюу салынган "Өзбекстан Ислам кыймылынын" идеологиясын жана материалдарын социалдык тармактарда жайылтууга шек саналып кармалды.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Милиция кармалган кишинин инициалын таратты. Шектүү тараптан комментарий боло элек.

Кыргызстанда сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салган. Ага “Йакын инкар”, “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшүл-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG