Милиция Баткенде жергиликтүү тургунду экстремизмди жайылтууга шектүү катары кармады

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, 30 жаштагы тургун экстремисттик деп табылып, тыюу салынган "Өзбекстан Ислам кыймылынын" идеологиясын жана материалдарын социалдык тармактарда жайылтууга шек саналып кармалды.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Милиция кармалган кишинин инициалын таратты. Шектүү тараптан комментарий боло элек.

Кыргызстанда сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салган. Ага “Йакын инкар”, “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшүл-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусиянын Курск аймагында абал курчудуPolitico: Иран Израилге сокку уруудан баш тартышы мүмкүнОрусияда YouTube платформасы дээрлик ачылбай калдыПариж-2024: Бекзат Алмаз уулу чейрек финалда жеңилди Париж-2024: Амантур Исмаилов жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөтТоктогулда суунун көлөмү 12 млрд метр кубдан ашты