Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Орусияда YouTube платформасы дээрлик ачылбай калды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

YouTube видеохостинги жана тиркемеси 8-августта Орусиянын дээрлик бардык аймагында ачылбай калды. Бул тууралуу миңдеген интернет колдонуучулары жазышты. Downdetector сайты көбүнчө Москва, Санкт-Петербург жана Екатеринбург шаарларынан даттангандарды каттаган.

Эки апта мурда орусиялык депутат Александр Хинштейн жакын арада YouTube платформасындагы видео көрүүнүн ылдамдыгы 70% төмөндөрүн эскерткен. Анын айтуусуна караганда, буга видеохостингдин "мыйзамдарга баш ийбей жатышы" түрткү болду.

Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 31-июлда YouTube "нейтралдуу платформа эмес, ал Вашингтондун саясий тапшырмасы боюнча иштейт" деп айтты, буга далил келтирген жок.

YouTube порталы июль айынын башында Орусиянын Украинага кол салышын колдогон бир нече орусиялык ырчынын каналдарын бөгөттөгөң.

Мамлекетке YouTube боюнча "жөнгө салуу" иштерин каалагандай жүргүзүүгө

2019-жылы тиешелүү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр шарт түзүп, Роскомнадзорго мүмкүнчүлүктөр берилген.

XS
SM
MD
LG