Париж-2024: Бекзат Алмаз уулу чейрек финалда жеңилди

Бекзат Алмаз уулу Париж Олимпиадасынын 1/8 финалында.

Париж Олимпиадасында эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу чейрек финалда АКШ балбаны Спенсер Ричард Лиге жеңилди (2:12).

Алмаз уулу буга чейин 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде утуп чыккан.

Эгер АКШ балбаны финалга чыкса, Алмаз уулу коло байге үчүн күрөшө алат.

Спенсер Ричард Ли 25 жашта. Панамериканын чемпиону. Жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү. Ал Париж Олимпиадасынын жарым финалында өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен беттешет.

24 жаштагы эркин күрөш балбаны Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага алгач ирет катышып жатат. Ал Бишкекте өткөн Азия чөлкөмүнөн Олимпиадага тандоо мелдешинде жеңүүчү болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды (2024-жыл, апрель). 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын (2023-ж.) жана күмүш байгелеринин ээси (2022-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан (2022,2023).

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж Олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Коло байгелерди грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков утушту. Бир күмүш, үч коло медалы менен Кыргызстан 71 өлкөнүн арасынан 58-орунда баратат.

Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган. Грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов 8-августта коло байге үчүн азербайжандык Хасрат Жафаров менен беттешет. Күрөштүн түрлөрүнөн 8-августка белгиленген жарым финалдык жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча 57 килограммга чейинки салмакта мелдештин жарым финалына чыккан. Ал 9-августка караган түнү болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Оюндар 12-августка чейин уланат. Алдыда балбандар Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова мелдештерге катышат. (ECh/GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

Дагы караңыз

Париж-2024: Акжол менен Үзүр коло медал уттуПариж-2024: Акжол менен Үзүр алып келген кош сыймыкҮзүр Жузупбеков: Каталарымды жоюу үчүн иштеймПрезидент Жапаров Акжол менен Үзүрдү куттуктадыПариж-2024: Амантур Исмаилов жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөт