Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Үзүр Жузупбеков: Каталарымды жоюу үчүн иштейм


Үзүр Жузупбеков.
Үзүр Жузупбеков.

Олимпиадада коло медал уткан кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков журналисттер менен сүйлөшкөндө Париждеги беттештери жөнүндө айтып берди.

“Кийинкиге кандай даярданабыз, аны үйгө барып агайлар менен сүйлөшөбүз. Менин катачылыгым, чоң салмактарда каршылашыма тактикалык жактан утулуп калып жатам. Ушуларды оңдосом, кийинки Олимпиадада чемпион болобуз. Туура эмес тамактанып алып жакпай калдыбы, кечээ күрөшөрдө өзүмдү жаман сезип жаттым. Күрөшкөндө алсыраганым билинди. Эртең менен америкалык менен чыкканда да ушундай болду. Түштөн кийин бир аз жакшы болуп калыптырмын”, - деди.

Жузупбеков спортчуларды мелдешке коштоп барган диетолог жана психолог жок экенин дагы айтты.

“Диетолог, психолог жок, балдар, машыктыруучулар өзүбүз болуп калганбыз. Ага дагы каражат керек. Башка мамлекеттердики бар, алардыкы күрөштө эле болбойт. Баарыбыз намаз окугандыктан көбүбүздүн психологиялык маанайыбыз, диетабыз жакшыраак. Анткени утсак дагы, утулсак дагы Кудайга шүгүр. Демек, мындан кийинкисинде болот деп өзүнчө чечим чыгарып коёбуз”, - деди Жузупбеков.

Париж Олимпиадасында кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков коло медал утту. Ал 7-августта грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.

Жузупбеков Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган. Ирандык балбан жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, финалга чыкканы үчүн Жузупбеков көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Көңүл жубатуучу бөлүктө балбан Үзүр Жузупбеков АКШ балбаны Жосеф Патрик Рауну 9:4 эсеби менен жеңип, коло байге үчүн таймашка чыккан.

28 жаштагы Үзүр Жузупбеков - Азия чемпиону (2019-ж.). Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси (2016-ж., 2018-ж. 2022-ж.). Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG