Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Президент Жапаров Акжол менен Үзүрдү куттуктады


Үзүр Жузупбеков жана Акжол Махмудов
Үзүр Жузупбеков жана Акжол Махмудов

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-августта грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековду Париждеги Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен телефон аркылуу куттуктады. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына сүйлөшүү учурунун тасмасын жайгаштырды.

"Коло медаль алсаңар да, кыргыз элиңер, кыргызстаныңар силерди алтын медаль уткандай жкшы көрүп турабыз. Ошондуктан, көңүлүңөрдү чөгөрүп, башыңарды ийбегиле. Эң негизгиси - эли-журтуңардын сыйынан, сынынан кетпесеңер болду. Алтын медалдан артык алтын башыңар аман болсун! Ар дайым эле жеңиш боло бербейт, жеңиле да билүү керек. Коло медаль алып калдым деп капа болбош керек. Баары кудайдын колунда. Силер айкөл, баатыр Манастын тукумусуңар", - деген мамлекет башчы спортчуларды кийинки оюндарга жакшылап даярданып, алтын медалга даярдык көрүүгө тийиштигин айтты.

Спортчу Акжол Махмудов телефон менен сүйлөшуү учурунда "Кудай буйруса алтынды да багынтабыз", - деди.

Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков 7-августта коло медал утту. Экөө тең чейрек финалда атаандаштарынан утулуп калган соң, жубатуучу беттеште ийгиликке жетишкен.

Париж Олимиадасында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке 8-августта чыгып, сербиялык Мате Немешти 8:0 эсебинде утуп алды. Амантур Исмаилов эми коло медаль үчүн күрөшөт.

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. (ZKo)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG