Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгы талкууланды

8-август, 2024-жыл

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык Жылуулук электр борборуна барып, жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн сайтына 8-августта жарыяланган маалыматка ылайык, жыйында жылуулук борбордун алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берилди. Борбор калааны жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо чаралары, оңдоо иштеринин жүрүшү, модернизациялоо, эффективдүүлүктү жогорулатуу жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Бишкек ЖЭБиндеги оңдоо иштери.

Акылбек Жапаров Бишкекти кыш мезгилинде жылуулук менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн бардык системаларды жана инфраструктураны мөөнөтүнөн кечикпей даярдоо зарылчылыгын белгиледи.

Объектилерди даярдоону тездетүү, кемчиликтерди жоюу жана оңдоо иштеринин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Мининстрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле ЖЭБдин аймагында жайгашкан “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияда дарыланып келди. (ZKo)

Дагы караңыз

Түркмөнстанда балдарды пахта теримге тартууга тыюу салынды Аба ырайы: 9-августта күн ысыйтСот Көлбаевдин апасын жети жылга кесип, бир жылдык шарттуу жаза бердиОрусиянын Курск облусунда айыгышкан салгылаш улануудаИшкер уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү делген шек менен кармалды