Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Түркмөнстанда балдарды пахта теримге тартууга тыюу салынды


Түркмөнстандагы пахта талаасындагы балдар.
Түркмөнстандагы пахта талаасындагы балдар.

Түркмөнстанда 18 жашка чыга электерге пахта терүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, эмгек жана социалдык коргоо министри Мухамметсейит Сылаповдун буйругу 12-июлда бекитилген.

Ага ылайык, балдар үчүн кооптуу жумуштардын жана кесиптердин тизмесине "пахта терүү" да киргизилген.

Түркмөнстанда пахтаны бир гана терүүгө эмес, аны өстүрүүгө дагы балдарды жана чоңдорду күчтөп айдап келишкен. Жыл сайын мугалимдерди, коммуналдык кызматтардын жумушчуларын, аскерлерди пахта теримге салышат.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары балдарды күчтөп пахта теримге салганы үчүн түркмөн бийлигин сындап келишкен. 2018-жылы ушундай эле жүйөдөн улам Кошмо Штаттар Түркмөнстандан пахта импорттоого тыюу салган.

АКШ мыйзамдарына ылайык, Эмгек кодексин бузуп, мажбурланган балдар эмгеги менен жасалган продукцияларды импорттоого болбойт.

2021-жылы Европарламенттин депутаттары Түркмөнстандан балдар эмгеги менен жасалган товарларды киргизүүгө тыюу салууну талап кылышкан.

Элди пахта теримге мажбурлаганы үчүн буга чейин да эл аралык коомчулуктун сынына кабылган Түркмөнстан былтыр 580 миң гектардан 1 миллион тоннадан көп ак була жыйнаган.

XS
SM
MD
LG