Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Сот Көлбаевдин апасын жети жылга кесип, бир жылдык шарттуу жаза берди


Камчы Көлбаевдин апасынын үйүндөгү сот отуруму
Камчы Көлбаевдин апасынын үйүндөгү сот отуруму

Бишкектин Октябрь райондук соту 8-августта кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) апасы Мая Алиеваны Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кесип, бир жылдык шарттуу түрдө жаза чегерди.

Адвокаты Бактыбек Жумашев Мая Алиева Пробация департаментине каттоого турушу керектигин, түрмөгө камалбай турганын айтты. Ошондой эле райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берерин кошумчалады.

Иштеги дагы бир айыпталуучу Нурия Тентешова сегиз жылга эркиндигинен ажыратылды. Сот чечими күчүнө киргенден кийин ага издөө жарыяланат.

Мындан тышкары соттун чечими менен Мая Алиеванын наамына катталган 13 мүлк, Тентешованын атындагы 5 мүлк мамлекеттин эсебине алына турган болду. Алардын арасында Чолпон-Ата шаарындагы үй жана соода борбору, “Народный” дүкөнү, “Барс” эс алуу жайы, сарайы жана Бишкектеги турак жай, батирлер да бар.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) апасы Мая Алиева жана бул иш боюнча айыпталган Нурия Тентешова Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен айыпталды. Прокуратура алардын ар бирин 10 жылдан эркиндигинен ажыратууну соттон сураган.

Соттук отурумдар айыпталуучулар Мая Алиева менен Нурия Тентешованын катышуусуз өттү. Мая Алиева ден соолугуна байланыштуу сотко келе албай турганын билдирген. Ал эми Нурия Тентешова кайда экени белгисиз.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган. (AiB/ZKo)

XS
SM
MD
LG