Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Аба ырайы: 9-августта күн ысыйт


10-августтан 12-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаандан улам, өлкөнүн
тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

9-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 37…39° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 7-августта күндүз 23,5°, 8-августта эртең менен 22° түздү.

XS
SM
MD
LG