Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Ишкер уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү делген шек менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деген шек менен жеке ишкер И.Б.Б. кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, криминалдык чөйрөдө "Тапанча" деп таанылган ишкер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлугүн каржылап келгени аныкталган.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.Б.Б. маркум кримтөбөл К. Асанбек менен жакын байланышы бар болуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуу менен Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аффилирленген жактар аркылуу «Голубой Иссык-Куль» жана "Кыргызское Взморье" пансионаттарына жакын жайгашкан пляждык зоналарды көп санда тариздегени такталды. Кымбат кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү алууда, бир нече ишкердик субъекттерин ачууда, И.Б.Б. өзүнүн социалдык статусун жана финансылык абалын жакшырткан. Ошону менен бирге, ал мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн К. Асанбектин "ууру казынасын" толуктоого байма-бай жумшаган", - деп жазылган анда.

И.Б.Б. 7-августта кармалып, коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында жок кылынган. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.

Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен бир нече ишкер кармалып, камалган. Айрымдары кийинчерээк бир катар мүлкүн мамлекетке өткөрүп берип, камактан чыгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG