Ливандык топтун лидеринин Израилден өч алуу тууралуу соңку кайрылуусу аймакта куралдуу жаңжал тутанышы мүмкүн деген кооптонууну дагы күчөттү.
Израилдин Нагария шаарына жакын жерде көчөдөгү видеокамераларга түшүп калган тасмадан “Хезболла” террордук тобунун дрону жерге кулап жатканын көрүүгө болот. Аны Израилдин абадан коргонуу системасы жок кылууга жетишпей калган.
Бир нече тургун жабыркаганын жергиликтүү медициналык кызматкерлер билдиришти. АКШ террордук деп эсептеген, Ливанда жайгашкан бул топ Израилге ракета жана дрондор менен сокку урганын ырастады.
Израил менен "Хезболла" Газада согуш башталгандан бери чек аралаш аймакта бири-бирине чабуул коюп келишет.
27-июлда Ливан тараптан жасалган аткылоодон Израил оккупациялап алган Голан дөңсөөлөрүндө 12 адам, анын ичинен балдар да мүрт кеткен.
Чыңалуу Бейруттун жака белинде “Хезболланын” башкы аскердик командири Фуат Шукур жана Тегеранда АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания жок кылынгандан кийин дагы курчуп кетти.
62 жаштагы Хания 30-июлда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына катышуу үчүн Тегеранга барганда киши колдуу болгон.
Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу билдиргендей, Хания кыска аралыкка уча ала турган снаряд менен өлтүрүлгөн.
Ал эми The New York Times басылмасы жазгандай, Хания анын бөлмөсүнө коюлган бомбанын жарылуусунан мүрт кеткен. Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ханиянын өлүмү үчүн Израилден өч аларын эскерткен.
Израил Ханиянын өлүмү үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес. Ал эми тиешеси барлыгы тууралуу маалыматтарды ырастаган да, четке каккан да эмес.
Хания өлтүрүлгөндөн бир нече саат мурда эле Израил бийлиги Бейрутта "Хезболланын" жогорку даражалуу командачысы Фуат Шукурду жок кылганын билдирген. Экстремисттик топтун лидери Сайед Хасан Насралла 7-августта Израилдин жакынкы аракеттерине “күчтүү жана таасирдүү” жооп кайтарылбай калбастыгын билдирди.
Тегеран - “Хезболланын” башкы союздашы. Ал эми ливандык аскердик топ - Иранга ыктаган Каршылык көрсөтүү тобунун негизги мүчөсү. Аскердик кыймылдардан жана ишенимдүү адамдардан турган ал топ Тегеранга Израил менен Кошмо Штаттарга каршы туруу жагынан жардам берип келет.
Согуш тутануу ыктымалдуулугу
Израилдин Улуттук коопсуздукту изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Раз Зиммит "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде бул жолу реалдуу ыктымалдуулук бар экенин айтты.
"Менимче, биз биринчи жолу потенциалдуу кеңири масштабдуу аймактык каршылашууга баратабыз", - деди ал.
Быйыл апрель айында да Израил менен Иран аз жерден согушуп кете жаздаган. Буга Израилдин Тегерандын Дамасктагы консулдугуна сокку урушу түрткү болгон. Анда Иран бийлиги өч алуу максатында Израилдин аймагына 300дөй ракета, учкучсуз аппарат менен абадан чабуул койгон.
Британия, АКШ, Иорданиянын абадан коргонуу системалары Израилдин аймагын аба чабуулдан коргоп калган.
Дагы караңыз "Иран-Израил тирешинде эки өлкөнүн тең бийлиги утту"Эксперттердин пикиринде, Тегеран ал соккуну өтө кеңири жарыялап, Израилдин кийинки чабуулдарынын алдын алуу максатында жасаган.
Бирок бул жолу Ханиянын Иран жергесинде өлтүрүлүшү такыр башка реакцияны жаратышы мүмкүн.
"Иран жана ага ыктаган Каршылык көрсөтүү тобу тарабынан Израилге биргелешкен, уюшулган чабуулду көрүшүбүз мүмкүн. Бул кырдаалды аябай оорлотот. Анткени Иран менен "Хезболланын" кол салуусунун кесепеттери апрелдегиден жаман болушу ыктымал", - дейт Зиммит.
Германиядагы эл аралык алакалар жана коопсуздук институтунун илимий кызматкери Хамидреза Азизи жакында эле "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, эгер согуш тутанып кетсе, каршылык көрсөтүү тобу Израилге эле чабуулдарын күчөтпөстөн, Вашингтонго басым жасоо үчүн аймактагы базаларга жана аскерлерди бутага алышы да мүмкүн.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 5-августта чөлкөмдөгү кырдаалды “оор” деп мүнөздөп, Вашингтон чыңалууну басаңдатуу үчүн “күнү-түнү дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү” өткөрүп жатканын билдирди. Кошмо Штаттар аймакка кошумча аскердик техникасын жөнөттү.
Иран Ханиянын өлүмү үчүн өч алуу максатында Израилге убадасын качан аткарат деп күтүп жаткан кезде, ХАМАС радикал уюму саясий канатынын лидери деп Яхья Синварды атады.
Яхья Синвар деген ким?
Синвар - ХАМАС радикал уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2017-жылдан бери топтун Газадагы лидери деп саналат. Ага чейин үч ирет израил түрмөсүндө, жалпысынан 23 жылдай отурган. Бул убакыт ичинде ал жөөттөрдүн иврит тилинде эркин сүйлөп калган. Ал 2011-жылы палестиндер менен израилдердин ортосундагы туткундарды айырбаштоо боюнча ири жараяндын алкагында бошотулган. Анда Израил тарап ЦАХАЛдын бир аскери Гилад Шалитти бошотуп алуу үчүн 1027дей палестинди азат кылган. Ырайымсыздыгы, мерездиги менен таанылганы үчүн аны “Хан-Юнистен чыккан касапчы” деп коюшат.
Израилдин бийлиги Синвардын ХАМАСтын саясий канатынын башчысы болуп дайындалышына дароо реакция жасады. Тышкы иштер министри Исраэль Кац аны дароо “жок кылууга” чакырды.
“Исмаил Ханиянын ордуна Башкы террорчу Яхья Синвардын дайындалышы - бул ирээнжиткен уюмду жер менен жексен кылуу үчүн дагы бир жүйөлүү себеп”, - деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.
"Хезболла" эмне деген уюм?
"Хезболла" уюму 1982-жылы Ливандагы жарандык согуш маалында негизделген. Анын баштапкы максаттарынын бири Ливандын түштүгүн Израилдин оккупациялоосун токтотуу болчу. Буга радикал уюм 2000-жылы гана жетише алды.
Шийит мусулмандарынан турган кыймыл Иран колдогон фракциялардын жана өкмөттөрдүн катарына кирет.
Алгачкы жылдары топ АКШга караштуу гана жайларга кол салгандыктан, Вашингтон аны террордук уюмдардын катарына киргизген.
Израилдеги "Улуттук коопсуздукту иликтөө институту" аналитикалык борборунун эксперти Орна Мизрахи буга чейин билдиргендей, "Хезболлада" 150 миңден 200 миңге чейин узак аралыкка сокку ура алган ракеталар бар. Анын айтымында, бул арсенал ХАМАСтыкына караганда беш эсе көп жана жогорку тактыкта иштейт.
Андан тышкары “Хезболланын” Сириядагы жарандык согушка катышкан тажрыйбалуу миңдеген жоочулары, он миңдеген ракеталардын турган арсеналы жана дрон паркы бар.
Израилдеги даярдыктар
Ал арада Израилде Ирандын жана анын тарапташтарынын кол салуусуна даярдыктар башталды. Биринчи соккуга Израилдин түндүгү дуушар болот деген божомол менен ооруканаларга кошумча орундуктар жайгаштырылды.
Израилдин коргонуусу кыйла бекем, аларда абадан коргонуу системалары, анын ичинде "Темир калканы" бар. Ал ракеталардын 90% ийгиликтүү атып түшүрө алат. Анткен менен жапырт сокку болсо туруштук бере албай калышы мүмкүн. Израилдиктердин 40% коопсуздук чаралары бекемделген үйлөрдө жашайт.