Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушу октябрда башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушун октябрдын аягында баштоо пландалып жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев 6-августта "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, учурда темир жолдун курулушуна байланыштуу биргелешкен ишканалар түзүлгөн. Үч өлкөнүн адистери тиешелүү иштерди жүргүзүшүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин аталган темир жолдун курулушу быйыл августта башталарын жарыялаган эле.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга 27-июнда кол койгон.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад - Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннел курулат. Макмалга чейинки жана андан кийинки колея эки башка өлчөмдө курулат, ошондуктан ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга 2024-жылы 6-июнда Бээжинде кол коюлган.

Долбоордун жалпы наркы 4 млрд 665 млн доллар болот, анын тең жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан чогуу чыгарат. Анын 51% Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5% чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.(ZKo)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын чек арадагы бир нече кыштагын ээлегени кабарландыЖарым жылда Кыргызстанга сырттан 1,4 млрд доллар которулдуЫмыркайларды төрөт үйүнөн каттоо долбоору ишке кирди  Париж-2024: Амантур Исмаилов чейрек финалга чыктыАкжол жана Үзүр жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөтУлуу Британиядагы башаламандык токтой элек