Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Ымыркайларды төрөт үйүнөн каттоо долбоору ишке кирди  


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева 7-августта өткөргөн маалымат жыйында жаңы төрөлгөн балдарды каттоого алган санарип долбоору иштеп баштаганын билдирди.

Анын айтымында, эми төрөт үйүндө ымыркайдын төрөлгөндүгү жөнүндө маалымат дароо Калкты каттоо департаментине түшөт. Ата-энеси 60 күндөн кийин ымыркайына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер эскертип турушат.

Кутнаева билдиргендей, Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын 10% (10 миңдей) туулгандан кийинки биринчи жылда күбөлүк алышкан эмес. Бул жагдай баланын медициналык, социалдык кызмат жана ар кандай жардам алуусуна тоскоолдук жаратууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин март айындагы маалыматына ылайык, өлкөдө документи жок 266 бала бар. Бир жыл мурун бул сан 445 деп маалымдалган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинкилердин саны 2 миллиондон ашат. Алардын 47% жети жашка чыга элек балдар. Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү жок баланы бакча да, мектеп да кабыл албайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG