Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Украина Орусиянын чек арадагы бир нече кыштагын ээлегени кабарланды


Курск, Суджа. 2024-жылдын 6-августу.
Курск, Суджа. 2024-жылдын 6-августу.

Орусиялык блогерлер украин аскерлери 6-августта Украина менен чектеш тилкедеги Курск облусунун Суджа районуна кирип барганын жазып жаткан кезде бул аймактын бийлиги жергиликтүү тургундарды кан тапшырууга чакырды.

Блогерлер украиналыктар чек арадагы бир нече кыштакты (Николаево-Дарьино, Дарьино жана Свердликовону) ээлеп, Орусиянын аймагын көздөй кире баштаганын жазышкан. "Два майора" телеграм-каналы шейшембинин кечинде жарыялаган маалыматына караганда, украин армиясы жалпысынан 11 калктуу пунктту ээлеп, болжол менен 15 чакырым алдыга жылды.

Курск облусунун башкы хирургу Андрей Локтионов 28 жергиликтүү тургун жабыркаганын билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазды. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Белова жабыркагандардын алтоо балдар экенин айтты.

Губернатордун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов шейшембиде кеминде эки жайкын тургун каза тапканын, кырдаал тууралуу өлкө башчысына маалымат берилгенин, аткыланып жаткан жерлерден 200 киши эвакуация болгонун билдирди:

"Түндө Орусиянын президенти Владимир Владимирович Путинге учурдагы кырдаал боюнча маалымат бердим. Ал кырдаалды жеке көзөмөлүндө кармап турат. Президент облуска бардык багыттар боюнча колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи", - деди ал 7-августта облус тургундарына кайрылуусунда.

Кээ бир кыштактарда орусиялык аскерлер толук курчоодо калганы, айрымдары туткунга түшүп жатканы да кабарланууда.

Бүгүн, 7-августта Орусия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөрү айтылууда. Коргоо министрлиги украиналыктар сүрүп чыгарылганын жазган, бирок кийинчерээк ал маалыматты алып койгон.

Украина Орусиянын чек арасынан өткөнү тууралуу маалыматтарга азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG