Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Улуу Британиядагы башаламандык токтой элек


Улуу Британия. 2024-жылдын 31-июлу.
Улуу Британия. 2024-жылдын 31-июлу.

Улуу Британияда бир апта мурда Ливерпулдун чет жакасында балдардын бий студиясына жасалган кол салуудан кийин башталган башаламандык токтобой, улам жаңы шаарларга жайылып жатканын Би-Би-Си жазды. 7-августка караган түнү Белфаст, Бристол, Дарлингтон жана Плимут аймактарында жаалданган топтордун полиция менен кагылышуусу болгону, 400дөй адам кармалганы, алардын 100гө жакынына формалдуу айып тагылганы кабарланды.

Полиция кооптуу райондордо коопсуздук чараларын күчөтүп, күч кызматкерлеринин санын көбөйтүп жатканын полиция башчыларынын улуттук кеңешинин төрагасы Гэвин Стивенс билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын саны улам көбөйүшү мүмкүн, ошондуктан келерки аптадан тартып Англиянын жана Түндүк Ирландиянын түрмөлөрүндө 500дөн ашуун кошумча орун ачылат.

Юстиция министри Шабана Махмуд «полиция, соттор жана түрмөлөр даяр» деп айтты жана мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн эскертти.

Террорчулукка каршы полициянын мурдагы башчысы Нил Басу өлкөдөгү зомбулуктун айрым көрүнүштөрү «террорчулуктун чегине жетип калганын» айтты.

29-июлда Саутпорт шаарындагы бий клубуна кол салуу болуп, үч кыз өлтүрүлгөн. Ошондон кийин Англиянын борборунда жана түндүгүндө бир нече шаарда мигранттарга каршы акциялар башталган. Кол салууга шектелип Бэнкс шаарынын 17 жаштагы тургуну кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG