Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Париж-2024: Амантур Исмаилов чейрек финалга чыкты


Амантур Исмаилов. Архив сүрөт.
Амантур Исмаилов. Архив сүрөт.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Рамаз Зоидзе 28 жашта. Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (2021-жыл), 23 жашка чейинкилер арасында эки ирет Европа чемпиону болгон.

Амантур Исмаилов 26 жашта. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2022-ж.). Азия оюндарында 3-орунду (2018-ж.) ээлеген, Азия чемпионатында коло медалды тагынган (2021-ж.), 23 жашка чейинкилер арасында да Азия чемпионатында коло байге уткан (2019-ж.). Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш медалынын ээси (2021-ж.), Польшада өткөн Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешининин жеңүүчүсү (2024-ж.).

Амантур Исмаилов чейрек финалда украиналык Парвиз Насибов менен беттешет.

Амантур Исмаилов: “Күрөш менин жашоом”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Бүгүн кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов азербайжандык Санан Сулейманов менен, Үзүр Жусупбеков египеттик Мохамед Габр менен Олимпиада оюндарынын коло медалы үчүн күрөшөт.

77 килограммга чейинки салмакта көңүл жубатуучу беттеште Акжол колумбиялык Алексис Муньозду 9:0,Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмакта АКШ балбаны Жосеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде жеңди.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда Париж Олимпиадасынын бир күмүш, бир коло медалы бар. 7-августка караган түнү кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта коло медал утту.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстан мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз. (GT)

XS
SM
MD
LG