Жарым жылда Кыргызстанга сырттан 1,4 млрд доллар которулду

Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын январь-июнь айларында Орусиядагы жеке адамдардан Кыргызстанга которулган акчанын суммасы 1 млрд 316 млн 200 миң долларды түздү.

Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтында белгиленгендей, бул былтыркы жарым жылда которулган акчанын көлөмүнөн 6,1% көп.

Ошондой эле быйылкы жарым жылда АКШдагы жеке адамдардан Кыргызстанга 32,6 млн доллар жиберилген.

Жалпысынан, КМШ жана алыс-жакынкы чет өлкөлөрдөгү мигранттардан жарым жылда Кыргызстанга которулган акчанын суммасы 1 млрд 415 млн 300 миң долларга жетти. (ZKo)

Дагы караңыз

Париж-2024: Амантур Исмаилов чейрек финалга чыктыАкжол жана Үзүр жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөтУкраина Орусиянын чек арадагы бир нече кыштагын ээлегени кабарландыКадамжайда мыйзамсыз алтын казгандар кармалды Улуу Британиядагы башаламандык токтой элек