Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Кадамжайда мыйзамсыз алтын казгандар кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Баткен райондук сотунун чечими менен мыйзамсыз алтын казууга шек саналган төрт киши эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, Баткендин Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагындагы Ичке-Суу кенинен алтын рудасын мыйзамсыз алып чыгуу аныкталган. Апрелден баштап июль айына чейин шектүүлөр уруксат кагазы жок алтын кенин иштетишкен.

“Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан тереңдиги 2 метрден 5 метрге чейин, туурасы 3 метр, узундугу 57 метр болгон алтын кени казылганы аныкталган”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Geoportal.kg сайтынын маалыматында Ничкесу кенинде 315 миң тонна руда жана 2,2 тонна алтындын кору бар экени айтылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG