Орусия жарым жылда 17 миң тажик жаранын депортациялады

Орусия. Архивдик сүрөт.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Орусиядан 17 миң тажик жараны депортация болгонун бүгүн, 6-августта Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министри Гүлнора Хасанзода Дүйшөмбү шаарында өткөн пресс-конференцияда билдирди.

Министр бул маалымат Орусиянын расмий органдарынан алынганын, депортациянын бир катар себептери бар экенин, негизгиси орусиялык мыйзамдардын бузулушу болуп жатканын айтты.

Хасанзоданын айтымында, жарым жылда Орусияга эмгек миграциясына кеткен тажик жарандарынын саны 380 миңден ашты, ошол эле учурда Орусиядан кайткандар 324төн көп.

Орусияга жумуш издеп кеткендердин агымы быйылкы жылдын биринчи жарымында былтыркы жылдын алгачкы алты айына салыштырганда 16% кыскарганы, мекенине кайткан эмгек мигранттары 3% көбөйгөнү да маалымдалды.

Быйыл жазында Москвада «Крокус Сити Холл» борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча кармалгандардын көбүнүн теги тажикстандык экени аныкталган. Ошондон бери тажик жарандарынын Орусияга кирүүсү кыйындады. Май айында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги республика жарандарын азырынча Орусияга барбай коё турууга чакырган. (RK)

Дагы караңыз

Париж-2024: Үзүр Жусупбеков чейрек финалга чыктыПариж-2024: Акжол Махмудов алгачкы атаандашын утуп, чейрек финалга чыктыПариж-2024: футболдон Испания менен Франция финалга чыктыКыргызстанда өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыяланды