Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

Париж-2024: Акжол Махмудов алгачкы атаандашын утуп, чейрек финалга чыкты


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Акжол Махмудов мелдешке чыгып, алгачкы атаандашы - АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыкты.

Махмудов чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев менен беттешет.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта 16 балбан бар.

2017-жылы грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында Акжол жарым финалда кабыргасын ооруксунтуп алып, финалда АКШ спортчусу Камал Амир Бейге утулган. Бирок бир жылдан кийин Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн беттеште америкалык балбанды жеңип, күйөрмандарын кубанткан.

Камал Амир Бей 25 жашта. Панамериканын чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону.

25 жаштагы Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси (2021), Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016, 2017).

Акжол Махмудов: “Биздин ийгилик жаш муунга үлгү болуп, дем берет”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган.

Бүгүн, 6-августта грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн ирандык Мехди Мохсен Нежад менен күрөшөт. Таймаш 23:30да башталат. 7-августка караган түнү саат 1де кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова финалда АКШ балбаны Эмит Элор менен беттешет. (GT)

XS
SM
MD
LG