Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Кыргызстанда өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыяланды


Салим Абдувалиев жана Камчы Көлбаев. Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт.
Салим Абдувалиев жана Камчы Көлбаев. Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиев каржылаганы аныкталганын билдирди. УКМК Абдувалиев 2024-жылы Өзбекстанда соттолгонун белгилеген.

Кыргызстандын атайын кызматы Салим Абдувалиев КМШ өлкөлөрүнө таасирдүү болгонун, Европага маңзат ташуу каналдарын уюштуруп, кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, анын кылмыштуу тобуна дайыма материалдык жардам көрсөтүп жүргөн деп билдирди. Ал Көлбаевдин аймакта таасирдүү кримтөбөл болуп турушуна көмөктөшкөн.

“С.Абдувалиев Кыргыз Республикасынын аймагында жана КМШ өлкөлөрүндө таасир этүү чөйрөсүн кеңейтүү боюнча өзүнүн жеке максаттарын көздөп, буга белгилүү бир деңгээлде жетишип, К.Асанбектин жана анын тобунун укукка каршы ишмердигин ар тараптуу колдогон жана системалуу негизде каржылап турган”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүнө.

Учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен Абдувалиевге карата сыртынан камакка алуу чечими чыгарылды. Ага “Интерпол" Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.

Ташкенттин Мирабад райондук соту “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Абдувалиевди 19-мартта алты жылга абакка кескен.

Ага Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылган.

Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев 2022-жылы Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолугуп келгенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG