Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Париж-2024: Үзүр Жусупбеков чейрек финалга чыкты


Үзүр Жусупбеков
Үзүр Жусупбеков

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 6-августта грек-рим күрөшүнөн 97 килограммга чейинки салмак ченинде Үзүр Жусупбеков литвалык Миндаугас Венцкайтис менен күрөшүп, 5:1 эсебинде утту жана чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Сарави менен күрөшөт.

Грек-рим күрөшүнөн 97 килограммга чейинки салмакта 16 балбан бар.

28 жаштагы Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону (2019-ж.). Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси (2016-ж., 2018-ж. 2022-ж.). Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.

Үзүргө үмүт чоң
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

Жусупбековдон сырткары бүгүн, 6-августта кыргызстандык дагы бир балбан Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсебинде утту. Махмудов чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев менен беттешет.

Бүгүн, 6-августта грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн ирандык Мехди Мохсен Нежад менен күрөшөт. Таймаш 23:30да башталат. 7-августка караган түнү саат 1де кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова финалда АКШ балбаны Эмит Элор менен беттешет.(GT)

XS
SM
MD
LG