Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Париж-2024: футболдон Испания менен Франция финалга чыкты


Испания курамасы.
Испания курамасы.

Париж Олимпиадасында футболдон Испания менен Франция футбол курамалары мелдештин финалына чыкты.

Дүйшөмбү күндөгү биринчи жарым финалдык беттеште пенальтиден гол өткөрүп, Мароккого жеңилип жаткан Испания экинчи таймда эсепти теңеп, андан кийин дагы бир гол киргизип, 2:1 менен жеңишке жетти.

Өткөн Токио Олимпиадасында Испания курамасы финалда Бразилияга жеңилип калган.

Эгер испан футболчулары бул жолу алтын медал утса, алар бир жылда Европа чемпионатын жана Олимпиада оюндарын уткан команда болмокчу.

Экинчи жарым финалдык беттеште Франция курамасы Египетти 3:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Франция жана Египет курамаларынын беттеши.
Франция жана Египет курамаларынын беттеши.

Футболдон финалдык беттештер 9-августта Париждеги "Парк де Пренс" стадионунда өтөт. Финалдык оюн Бишкек убактысы менен 22:00дө башталат.

Олимпиада оюндарындагы футболдон мелдештер 24-июлда баштаган. Ага катышкан 16 команданын катарында Украинанын жана Өзбекстандын курамалары да ойноду. Эки команда тең тайпадан чыга алган жок. (GT)

XS
SM
MD
LG