Өзбекстанда онлайн кумаркана иштеткен 30 киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда онлайн кумар оюндарын уюштурууга шек саналып жалпысынан 30 киши кармалганын, алардын 12си чет элдиктер, 18и өзбек жарандары экенин "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.

Милициянын маалыматына караганда, алар оюндарды Яккасарай районунда ижарага алынган үйлөрдүн биринде уюштуруп келишкен. Баштапкы териштирүүдө аныкталгандай, үч айда казинодо айланган акчанын суммасы 900 миң АКШ долларын түзгөн.

Ташкенттин Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы чет элдик жаран ижарага алган үй атайын ыкчам рейд учурунда текшерүүгө алынганын маалымдады. Мекеме далил буюм катары 37 ноутбук, 1400 накталай доллар, 34 сим-карта, 7 телефон жана 12 банк картасы алынганын билдирди.

Кылмыш иши "Кумар оюндарын жана башка тобокелдикке негизделген оюндарды уюштуруу жана өткөрүү" деген берененин негизинде козголуп, иликтенүүдө.

Өзбекстанда мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү, казино ачып иштетүү үчүн кармалгандардын айыбы сотто далилденсе, 7 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Эгер мындай кылмыш топтошуп алып жасалса, 10 жылга чейинки жаза мөөнөтү каралган. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстанда өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыяланды Жакындары оор кылмыш үчүн соттолгон адам сот болуп иштей албайтПариж-2024: Акжол Махмудов алгачкы атаандашын утуп, чейрек финалга чыктыИракта базага жасалган чабуулдан бир нече америкалык аскер жараат алды