Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

Иракта базага жасалган чабуулдан бир нече америкалык аскер жараат алды


Ракеталык сокку. Иллюстрациялык сүрөт.
Ракеталык сокку. Иллюстрациялык сүрөт.

Иракта америкалык аскердик базада АКШнын бир нече аскер кызматкери жараат алган ракеталык кол салуу болгону 5-августтун кечинде расмий тастыкталды. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө иранчыл согушкерлер алды. Эми Жакынкы Чыгышта кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу күчөөдө.

"Бүгүн Ирактагы ал-Асад авиабазасындагы АКШнын жана коалициянын күчтөрүнө каршы ракеталык чабуул болду жана бир нече америкалык аскер жараат алды деген баштапкы маалымат бар", - деди АКШнын Ирактагы аскердик базасынын басма сөз катчысы. Чабуулдун чоо-жайы такталып жатканы маалымдалды.

Кошмо Штаттар дипломатиялык каналдар аркылуу Иранга Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу "аймактагы кооптуу учурда" Тегеранга кереги жок деген билдирүүсүн жөнөткөнүн Мамлекеттик департамент кабарлады.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин айтымында, Вашингтон Иран Израилдин аймагына жооп катары чабуул даярдап жатканы тууралуу кооптонуудан улам жаралган чыңалууну басаңдатууга жардам бериш үчүн "күнү-түнү интенсивдүү дипломатиялык иш жасап жатканын" айтты.

"Тараптардын баары эскалациядан карманышы керек. Бардык тараптар чыңалууну азайтуу үчүн кадамдарды жасоосу зарыл. Абалдын курчушуна эч ким кызыкдар эмес", - деди Блинкен.

АКШ президенти Жо Байден дүйшөмбү күнү улуттук коопсуздук боюнча командасы менен жыйын куруп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулады. Анда эгер Израилге кол салуу болсо кандай жардам чаралары көрүлөрү тууралуу маалымат берилгени айтылды.

5-августта америкалык аскерлер жараат алган соккуда "Катюша" жапырт аткылоочу реактивдүү системасы колдонулганы, кеминде беш аскер жараат алганы маалымдалды.

Аймактагы кырдаал курчуйт деген кооптонуу 31-июлга караган түнү Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС палестин тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн.

Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG