Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Жакындары оор кылмыш үчүн соттолгон адам сот болуп иштей албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 6-августта “"Соттордун макамы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Конституциялык мыйзамдын 19-беренесине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин биринчи инстанцияда үч жыл, экинчи инстанцияда эки жылдан кем эмес иштеген тажрыйбасы болушу талап кылынат.

Мындан тышкары, жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп табылса, оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолсо, жергиликтүү соттун, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьясы боло албайт.

Ошондой эле судья болууга талапкер кыргыз тилин В1 деңгээлинен кем эмес билиши керек.

Конституциялык мыйзамдын 24-беренесине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөтү бүтө элек, иштеп жаткан судьялардын да сынактык тандоодогу аңгемелешүүгө катышуусуна уруксат берилет.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган.

Кыргызстанда акыркы жылдары судьялар коррупцияга айыпталып кармалган учурлар көбөйдү. Камакка алынып, түрмөдө жаткан судьялар да бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин “Азаттыкка” курган маегинде моюнга алган жана Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG