Олимпиадада Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков килемге чыгат

Акжол Махмудов.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 6-августта грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен 97 килограммга чейинки салмак ченинде Үзүр Жусупбеков килемге чыгат.

Акжол Махмудов 1/8 финалда АКШдан келген балбан Камал Амир Бей менен, Үзүр Жусупбеков ушул эле баскычта литвалык Миндауга Венцкайтис менен күрөшөт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Акжол Махмудов 25 жашта. Ал Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж., 2022-ж., 2023-ж.) жана бир күмүш байгесинин ээси (2024-ж.). Олимп оюндарынын күмүш медалын алган (2021-ж.). Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж.), кадеттер (уландар) арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-ж., 2017-ж.).

Үзүр Жусупбеков 28 жашта. Ал буга чейин Азия чемпионатында бир алтын (2019-ж.), үч коло байге алган (2016-ж., 2018-ж. 2022-ж.). Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.). Токио Олимпиадасынын катышуучусу (10-орун). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. (BTo)

Дагы караңыз

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова финалга чыктыБеларустун 28 жараны Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирдиКазакстанда күйдүргү катталган айылда карантин жарыяландыКубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалдыЖети айда 161,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду Чет өлкөлөрдө соттолгон 40 кыргыз жараны мекенине которулдуПрокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга абакка кесүүнү сурады