Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Беларустун 28 жараны Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги Беларуста уланып жаткан саясий репрессияга жана адам укуктарынын бузулушуна тиешеси бар деп эсептеген 28 адамга каршы санкция жарыялады.

Евробиримдик кеңешинин пресс-релизинде айтылгандай, санкциялык тизме Беларуста 2020-жылы бурмалоо менен өткөн президенттик шайлоонун төрт жылдыгын утурлай толукталды.

Санкцияга илингендер арасында БелТАнын башкы директору Ирина Акулович, Александр Лукашенконун басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Дмитрий Жук жана ошондой эле СТВ каналындагы "Сенат" программасынын алып баруучусу жана Улуттук кеңештин алдындагы жаштар кеңешинин төрагасы Никита Рачиловский бар.

"Режимдин бул үгүтчүлөрү беларус коомчулугуна мамлекеттик органдардын репрессиясына байланыштуу атайылап жалган маалымат берип, беларус жана орус бийликтери даярдаган жалган маалыматты жайылтып, демократиялык оппозицияга жана жарандык коомго каршы жек көрүүчүлүктү козутушкан", – деп билдирди Евробиримдик.

Тизмеге Беларустун Ички иштер министрлигинин Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилери да кирди, алар өлкөдөгү саясий куугунтук, мыйзамсыз камоолор, активисттердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн кыйноого кабылышына айыптуу экени белгиленди.

Мындан тышкары тизмеге сот системасынын, прокуратуранын жана абак мекемелеринин бир катар жетекчилери да кирди.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө нааразылык акциялары башталганда башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

XS
SM
MD
LG