Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты


Мээрим Жуманазарова менен нигериялык балбан Блессинг Оборудуду.
Мээрим Жуманазарова менен нигериялык балбан Блессинг Оборудуду.

Парижде балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Эми финалдык беттеште Мээрим америкалык балбан Эмит Элор менен күч сынашат. Финалдык беттеш 7-августка караган түнү өтөт.

Мээрим Жуманазарова нигериялык атаандашы Блессинг Оборудуду менен буга чейин эки жолу беттешип, эки жолу тең жеңилген. Алгач 2021-жылы Токио олимпиадасында чейрек финалда утулуп калган эле. 2022-жылы Түркияда өткөн Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде финалда Оборудудуга 3:0 эсебинде жеңилип, күмүш байге алган.

35 жаштагы Оборудуду Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси. Африканын сегиз жолку чемпиону.

24 жаштагы Жуманазарова Токиодогу Олимп оюндарында коло байге тагынган. Дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону. Азия оюндарында коло медал уткан. Бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Мээрим Париж оюндарынын 1/8 финалында монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6 менен жеңип, жарым финалга чыкты.

Оборудуду 1/18 финалда канадалык Линда Мораисти, чейрек финалда франциялык Кумба Ларрокту 6:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

АКШ балбаны Эмит Элор менен Түндүк Корея балбаны Пак Сольгум. Жарым финалдык беттеш.
АКШ балбаны Эмит Элор менен Түндүк Корея балбаны Пак Сольгум. Жарым финалдык беттеш.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалда америкалык атлет Эмит Элор чыкты. Ал жарым финалда Түндүк Кореянын балбаны Пак Сольгумду 10:0 эсебинду утту. Ал ага чейин польшалык Виктория Чолужду жана түркиялык Бусе Каусоглу Тосунду жеңген.

5-августта Жуманазаровадан сырткары дагы бир кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта жарым финалда жапониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. Жоламан 6-августта саат 23:30да коло байге үчүн күрөшөт. Атаандашы азырынча аныктала элек. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмактагы балбандардын финалдык беттеши 7-августка караган түнү саат 1:15те болот.

6-августта кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков килемге чыгат. Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Акжол 1/8 финалда АКШ өкүлү Камал Амир Бей менен таймашса, 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венкайтис менен күрөшөт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жүрүшү, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG