Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалды

Кубанычбек Бөкөнтаев.

Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 5-августта билдирди.

Ал 26-июнда Улуттук банктын төрагасы кызматынан кеткен. Кубанычбек Бөкөнтаев 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист кызматынан баштаган. 1998-2002-жылдары коммерциялык банктарда иштесе, андан кийин “Кыргызстандын банк кабарчысы”, “Банкир”, “Экономика. Банктар. Бизнес” аттуу гезит-журналдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Ортодо “Сорос-Кыргызстан” фондунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында (ПРООН), Кредиттик союздарды өнүктүрүү боюнча финансылык компанияда (ФКПРКС) иштеп турган.

2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2010-жылы Апрель окуясы учурунда Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндө билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган.

Башкы прокуратура ошол кезде Улуттук банктын жетекчилигин “АзияУниверсалБанктын” ячейкаларынан 3 млрд сом жоголгону үчүн айыптаган. Кубанычбек Бөкөнтаев бул айыптоолорду четке кагып, Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт өзү коротуп салган акчаны мойнуна илип, кылмыш ишин козгогонун айткан.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы жана Армениядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат быйыл май айында жумуштан алынган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыктыЕЭК: Чет элдиктер тууралуу мыйзамдын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жокУкраина Орусиянын Су-34 учагын жок кылганын билдирдиГазанын жарандык коргонуу мекемеси дагы 30 адам каза болгонун билдирдиЖети айда 161,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду Чет өлкөлөрдө соттолгон 40 кыргыз жараны мекенине которулдуПрокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга абакка кесүүнү сурадыКурулуш тармагында иштеген 500дөй компаниянын лицензиясы алынат