Газанын жарандык коргонуу мекемеси дагы 30 адам каза болгонун билдирди

Газа сектору.

Газанын жарандык коргонуу агенттигинин 5-августтагы маалыматына караганда, жекшемби күнү Израил аскерлеринин чабуулунан Газа шаарында эки мектептин имараты талкаланып, кеминде 30 адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү аялдар жана балдар.

Израил армиясы аталган имараттарга чабуул койгонун ырастады, бирок бутага АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАСтын “ал-Фуркан” командалык борбору алынганын, ал жерде террорчулар жайгашканын билдирди.

Жарандык коргонуу агенттигинин өкүлү Махмуд Бассал дагы ондогон кишилер жараат алганын, мектеп имаратында сектордун кармаш жүрүп жаткан аймактарынан качып барган жайкын тургундар баш калкалап жашап жатышканын AFP маалымат агенттигине айтып берди.

Ал тапта Газа секторунда азыркы кезде 500 миңдей киши таза суудан кыйналып жатканын 5-августта Associated Press (AP) агенттиги билдирди.

"Бул жердеги абал өтө оор. Жашоо деп айтуу мүмкүн эмес. Бизде таза суу жок, тамак-аш жетишсиз. Адам катары жөндөп уктай да албайбыз. Өзүңөр көрүп тургандай, абдан чарчадык", - деди өзүн Нихал ал-Фаюми деп тааныштырган 28 жаштагы келин.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Андан бери Изарил армиясынын Газадагы соккуларынан каза тапкандар 39 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси айтууда.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча оң жыйынтык чыга элек. (RK)

Дагы караңыз

Беш облустун прокурорлору дайындалдыБангладеш премьер-министри кызматтан кеттиТүндүк Кореянын чек ара аскерлери 250 ракеталык система алды Чет өлкөлөрдө соттолгон 40 кыргыз жараны мекенине которулду