Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Беш облустун прокурорлору дайындалды


Башкы прокуратура
Башкы прокуратура

Башкы прокурор Максат Асаналиевдин буйругу менен Баткен, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын прокурорлору дайындалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Баткен облусунун прокурору болуп Абай Молдокматов, Нарын облусуна Абдирашит Кубатидинов, Талас облусуна Мирбек Расулов, Чүй облусунун прокурору болуп Азизбек Шүкүрбеков жана Ысык-Көл облусунун прокурору болуп Эмирбек Каримов дайындалды.

Ал эми Эмилбек Үркүнбаев Жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокурору болуп дайындалды.

"Башкы прокурор жаңы дайындалган жетекчилерге мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруу талабын койду. Жаңы дайындалган жетекчилер ишке киришти", - деп жазылган маалыматта.

5-июнда Жогорку Кеңеш мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоп, башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырган. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG