Жаңы алынган учактардын бири сентябрда каттамга чыга баштайт

"Манас" аэропортунун жетекчилиги учактарды модернизациялоо иши менен таанышууда. Архив сүрөт. 25-январь. Канада.

Быйыл сентябрда “Манас” аэропорту сатып алган Dash-8-400 учагы Кыргызстанга келип, айдын соңунан тарта ички каттамдарга чыга баштайт.

Бул тууралуу “Манас” аэропортунун директору Манас Самидинов 31-июлда маалымат жыйында билдирди.

Ал жетектеген мекеменин алдында түзүлгөн “Асман эйрлайнс” туунду компаниясынын карамагында болот.

Самидинов жаңы учактардын белет баасы бара-бара арзандай турганын айтты:

“Ачылган жаңы компания элге ыңгайлуу баада белет сатууга ыңгайлашат. Азыркы баалардан биздики кымбат болбойт. Бирок учактар каттамга чыгары менен баа дароо арзандайт деп айта албайм. Анткени учурда жаңы типтеги учактар болгону үчүн аны башкарган командирлер башка өлкөлөрдөн тартылат. Азыр экинчи пилотторду көп окутуп, даярдап жатабыз. Эл аралык авиацияда кызматка тартылган командирлердин маянасы чоң болот. Башында белеттер салыштырмалуу кымбат болушу мүмкүн, бара-бара өзүбүздүн пилоттор иштей баштаганда арзандайт”, - деди Самидинов.

Былтыр “Манас” аэропортунун алдында “Асман эйрлайнс” компаниясы түзүлгөн. Акциясы толугу менен мамлекетке таандык бул ишканага Кыргызстан сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар берилет.

Бул үлгүдөгү 80 орундуу учактар 2013-жылы чыгарылган.

Кыргызстанда ички каттамдарга "Тезжет" жана "Авиатрафик" компаниясынын учактары чыгат. Соңку учурларда учактардын белети кымбат деп нааразы болгондор бар.

Дагы караңыз

Киевге жасалган чабуулдун мизи кайтарылды Мамдума блогерлер менен каналдардын ээлерин "Роскомнадзорго" маалымат берүүгө милдеттендирдиУКМК абитуриенттерден акча алууга шектүү жаранды кармадыИран ХАМАСтын лидеринин өлүмү иликтенерин билдирди