Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Мамдума блогерлер менен каналдардын ээлерин "Роскомнадзорго" маалымат берүүгө милдеттендирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шейшембиде Орусиянын Мамлекеттик Думасы катталуучуларынын саны 10 миңден ашкан блогерлерди жана билдирүүнү тез таркатуучу каналдардын (айрыкча Телеграмда) ээлерин "Роскомнадзорго" өздөрү тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды.

Мындай толуктоо мобилдик телефондорго СИМ-карта сатууну татаалдаштырган мыйзам долбооруна киргизилип, дароо эки окууда кабыл алынган.

Блогерлер өздөрү жөнүндө кандай маалыматты берип турушу керектигин өкмөт аныктайт. Эгер маалымат маалында берилбесе, мыйзам каналдарга жарнама берүү, бөлүшүү жана донат чогултуу укугун чектеп коет. Орус бийлиги аны кантип көзөмөлдөп, тыюу салууну кантип ишке ашырары белгисиз.

Мындай мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы анонимдүү Телеграм-каналдардын жайылышы менен түшүндүрүлгөн.

Мамдума аудиториясы күнүнө 500 миңден ашкан соцтармак колдонуучуларын "Роскомнадзордун" же Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) билдирмеси менен колдонуучулар тууралуу маалыматты берип турууга милдеттендирген түзөтүүгө добуш беришти.

Ушул эле мыйзамда Мамдума бир кишиге катталган СИМ-карталарын санын чектеп койгон. Ага ылайык, чет элдиктер 10дон көп эмес, Орусия жарандары 20дан көп эмес СИМ-картаны өздөрүнө каттай алышат.

Орусия 24-февралда Украинага бастырып кирип согуш ачкандан бери "Роскомнадзор" мекемеси Орусияда же орус тилинде иш алып барган бир катар эркин маалымат каражаттарынын сайттарын жапкан. Алардын арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бир нече редакцияларынын, Би-Би-Си корпорациясынын орус кызматынын веб-сайттары да бар.

XS
SM
MD
LG