Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

УКМК абитуриенттерден акча алууга шектүү жаранды кармады


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу аракеттеринин алкагында алдамчылык фактысы менен С.Ч.Ч аттуу жаран кармалганын атайын кызмат кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүү "абитуриенттерди борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине ийгиликтүү кабыл алуу" үчүн 84000 сом алып жаткан маалда 29-июлда кармалган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда абитуриенттер жогорку окуу жайларга ЖРТнын (Жалпы республикалык тестирлөө) жыйынтыгы менен тапшырат. Буга карабай, жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда жат көрүнүштөр бар экенди айтылып келет.

"Окууга өткөрөм" деп акча талап кылган шылуундардын тузагына түшкөндөр да жок эмес.

XS
SM
MD
LG